Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн 200 батирлүү үй курулууда

Бишкекте милиция кызматкерлери үчүн 200 батирлүү үй курулууда. Муну бүгүн, 21-июлда Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун жаңы имаратынын ачылышында президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары өкмөт, президент жана башка бийлик бутактары күч органдарына өзгөчө кам көрүп жатат.

Күч органдарынын арасында өзгөчө көңүл милицияга бөлүнүп жатат. Социалдык жактан дагы башкача мамиле жасалууда. Айрыкча милиция кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылууга көп иш-аракеттер көрүлүүдө. Быйыл Көк-Жар кичи районунда турак жай комплексин бүтүргөнү турабыз. Ал 200 үй-бүлөгө ылайыкташкан. Муну менен катар Ош жана Баткен облустарында да үйлөр курулуп жатат”,- деди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан