Бүгүн, 21-июлда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Шанлыурфа провинциясынын Суруч районундагы тынч жарандар каза болгон терактка байланыштуу көңүл айтты.
“Бул шумдуктуу трагедияга Кыргыз Республикасынын элинин үрөйү учуп, боордош Түркия эли менен бирге кайгырууда”,- деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Алмазбек Атамбаев каза болгондордун
туугандарына жана жакындарына кайрат айтып, жапа чеккендердин тезирээк сакайып
кетишин каалаарын билдирди.