Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты - жарандарды ишке жайгаштыруу боюнча мыйзамсыз ишмердик үчүн администрациялык жоопкерчиликти жогорулатуу.
Ушул максатта Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 77-беренесинде белгиленген колдонуудагы айып салуу көбөйтүлөт жана жарандарга салынчу администрациялык айып акынын көлөмү так белгиленет. Жарандарга – эсептешүү көрсөткүчүнүн 75 (колдонуудагы ондон жыйырмага чейинкинин ордуна), кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн 180 (колдонуудагы элүүдөн жүзгө чейинкинин ордуна), юридикалык жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 750 (колдонуудагы үч жүздөн жети жүзгө чейинкинин ордуна) өлчөмүндө администрациялык айып салынат.
77-берене 2-бөлүк менен толукталат. Анда бул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза колдонулгандан кийин кайра кайталанса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген уруксаттан ажыратуу чарасы каралат.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.