Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 23-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында "Дары каражаттарын жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө" макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документти парламент 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Евразия экономикалык комиссиясына депонирлөө милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланууга жатат жана 2014-жылдын 29-майындагы "Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө" келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" келишим күчүнө кирген күндөн тартып, бирок 2016-жылдын 1-январынан эрте эмес күчүнө кирет.