Каржы министрлигинин 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иши каралды

21-июлда Каржы министрлигинин коллегиясынын кеңири жыйыны болуп өттү. Күн тартибинде министрликтин 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иши каралды. Ошондой эле 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн республикалык бюджетти аткаруунун жыйынтыгы тууралуу жана жогору турган органдардын тапшырмаларын, чечимдерин, министрликтерден жана ведомстволордон келип түшкөн контролдук документтерди, жарандардын арыздарын жана кайрылууларын аткаруу боюнча министрликтин отчёттору каралды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. 

Жыйындын жүрүшүндө 2015-жылдын январь-июнь айлары үчүн, "Кумтөрдү" эсепке алуу менен, ички дүң продукциянын номиналдык арымы 172,4 миллиард сом деңгээлинде түзүлгөндүгү белгиленди.

Отчётко ылайык, республикалык бюджеттин киреше бөлүгү бардык ресурстарды эсепке алуу менен 58,4 миллиард сомго же пландан 106 пайызга аткарылган. Салыктык түшүүлөр 32,8 миллиард сомду же 101 пайызды түздү, расмий трансферттер 1,6 миллиард сомду же 100 пайызды түздү. Салыктык эмес кирешелер боюнча өсүш 206 пайызга жетти.

2015-жылдын январь-июнь айлары үчүн республикалык бюджеттен чыгашалардын корголгон беренелери боюнча 37 миллиард 395 миллион сом же 38 миллиард 502,5 миллион сом суммасындагы пландан 97,1 пайыз каржыланган. Бул аралыкта чыгашалардын корголбогон беренелери боюнча 5 миллиард 147,4 миллион сом же 5 миллиард 666,8 миллион сомго каржыланган.

Көпчүлүк чыгашалар социалдык чөйрөгө багытталган салыштырма салмагы чыгашалардын жалпы көлөмүнүн 58,5 пайызын түздү. Карыздык милдеттенмелерди каржылоо график боюнча өз убагында ишке ашырылат.

Финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Алмаз Бакетаевдин айтуусу боюнча бюджеттик мекемелерди өз убагында каржылоо боюнча иштер күчөтүлөт. Ошондой эле министрдин орун басары бюджеттик каражаттардын бюджеттик мекемелер тарабынан натыйжасыз пайдаланылып жаткандыгына көңүл бурду. “Динамика биринчи жарым жылдык үчүн бюджеттик мекемелер 2,4 миллиард сомду өздөштүрбөгөндүгүн көрсөттү. Андыктан биз ай сайын кассалык пландоо менен 3 айга финансылык пландоонун кыйла ийкемдүү графигине өтүү менен каржылоо механиздмерин кайра карап чыгуу милдетин алдыга койдук”,- деп белгиледи ал.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан