Бишкек-Балыкчы жолунун оңдолгон бөлүгүн ишке киргизүү аземи өтүүдө

Бүгүн, 22-июлда Бишкек-Балыкчы жолунун оңдоодон өткөн бөлүгүн (147-171-чакырымы) ишке берүү аземи өтүүдө. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу белгиленген. Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев билдиргендей, унаа жолу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын каржылоосу менен 38,37 миллион долларга оңдолуусу пландалган. Учурда аталган каражаттын 90 пайызы же 34,7 миллион доллары иштетилди.

Өзүңүздөр билгендей, Боом капчыгайындагы жол мурда эки катар унаа жүрүүгө гана ылайыктуу болчу. Учурда 4 унаа батчу жолго айланды. Төшөлгөн асфальттын калыңдыгы 14 сантиметр. Учурда жол белгилерин коюу иш-чаралары калды. Муну менен катар курулуш иштеринин жүрүшүндө 5 көпүрөнүн туурасы кеңейтилди жана жаңыланды”,- деди министр.    

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан