Кыргыз өлкөсү менен Араб Эмираттарынын ортосунда коммерциялык иштерде укуктук жактан жардам берүүчү макулдашуу ратификацияланды

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 7-декабрында Дубай шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы "Жарандык жана коммерциялык иштер боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 22-июлда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.  

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Ушул мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ратификациялык грамоталарды алмашууну жүргүзүү милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан