Мамлекеттик салык кызматы 2013-2014-жылдарда төрт интернет-провайдерлик компанияга салыктык текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында 73 миллион 950 миң сом суммасында салыктар кошумча эсептелген, анын ичинде резидент эместердин кирешесине карата салык жана киреше салыгы бар. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча салыктык милдеттенмелерди эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин жана “Кош салык салуудан, киреше жана капитал салыктарынан баш тартуунун алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасы менен Казакстандын ортосундагы макулдашуунун, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун негизинде жүргүзүлгөн.
"Салыктык текшерүүнүн жыйынтыктары менен интернет-провайдерлер макул болушпаганын жана салыкты кошуп эсептөөнү жараксыз деп табуу үчүн сотко доо арызы менен кайрылышканын белгилейбиз.
Азыркы учурда «IP NET» ЖЧКсы боюнча иш Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда кароодо турат, бул иш боюнча угуу 23-июлда болот. Калган материалдар боюнча үч компаниянын доо арыздары Бишкек шаарынын район аралык сотунда каралып жатат жана бул талаш-тартыш боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Министрлик жүргүзүлгөн иштерди мыйзам ченемдүү деп эсептээрин баса белгилейт. Бул иштер боюнча акыркы чечим сот тарабынан кабыл алынат",- деп айтылат маалыматта.