Алмазбек Атамбаев: “Акыркы жылдары өлкөбүздөгү унаа жолдорун курууга жана оңдоп-түзөөгө миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат”

“Акыркы жылдары өлкөбүздөгү унаа жолдорун курууга жана оңдоп-түзөөгө миллиарддаган каражаттар жумшалып жатат”. Муну бүгүн, 22-июлда президент Алмазбек Атамбаев Балыкчы шаарында Бишкек-Балыкчы жолунун оңдоодон өткөн бөлүгүн (147-171-чакырымы) ишке берүү аземинде билдирди.

Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там жана Кара-Мык унаа жолун куруп бүттүк. Чоң долбоорлордун бири болгон Бишкек - Нарын - Торугарт автожолун салуу аяктап баратат. Ал эми Тараз - Талас - Суусамыр, Ош - Баткен - Исфана, Исфана - Сүлүктү - Худжанд жолдорунда иш кызуу жүрүп жатат. Былтыр өлкөнүн түштүк аймагы менен түндүгүн бириктирген Түндүк-Түштүк кошумча унаа жолун курууга кириштик.

Бүгүн болсо Бишкек - Балыкчы жаңы жолу бүттү деп белгилеп жатабыз. Бирок бул тилке ошол эле учурда жаңыдан салынып жаткан Жалал-Абад - Казарман - Балыкчы жолуна таандык болот. Бул жол Балыкчыдан эки бутакка бөлүнөт. Бир бутагы Бишкекке алып барса, экинчи бутагы Балыкчы - Түп - Кеген каттамы менен боордош Казакстанга алып барат.

Бул альтернативдүү жол курулуп бүтсө, элдин карым-катнашы жана аймактардын өнүгүшүнө чоң түрткү болот. Коңшу мамлекеттер үчүн да пайдалуу. Бул жол аркылуу Өзбекстанды айланып өткөн Орусия - Казакстан - Кыргыз Республикасы - Тажикстан каттамын ачууга болот”,- деди президент. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан