Алмазбек Курманалиев Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун бүгүн, 22-июлда президенттик аппараттан билдиришти.
Айта кетсек, Коргоо кеңешинин катчысы кызматын аркалап келген Темир Жумакадыров 20-июлда Кыргыз Республикасынын Президентинин аппарат жетекчиси болуп дайындалган.