Сирия Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүгө кызыкдар. Бул тууралуу Сирия мамлекетинин өкмөт башчысы
Ваиль аль-Хальки 21-июлда орусиялык маалымат каражаттарынын бирине берген маегинде билдирди. Сирия премьери учурда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтат.
"Ушул тапта Орусия тарап менен Сириянын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБге) жана эркин бажы зонасына кирүүсү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат",- дейт ал.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Москва жана
Дамаск ортосунда газды иштеп чыгуу заводун жана ирригациялык курулмалар менен электр көмөк чордондорду куруу боюнча макулдашууларга кол коюлду. Айта кетсек, Орусиянын президенти Владимир Путин 13-июлда Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Ал эми аталган биримдикке мүчө Казакстан, Беларусь жана Армения өлкөлөрүнүн башчылары келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол коюша элек.
Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган.