Кыргыз мамлекетинде ички дүң продукция 6 айда 7,3 пайызга өстү

2015-жылдын январь-июнунда ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,3 пайызды түздү. Улуттук статистика комитетинин билдиришинче, "Кумтөр" ишканасын эсепке албаганда, ИДПнын өсүшү 4,4 пайыз болду.

Өткөн жылдын январь-июнуна салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 2,7 пайызга жогорулап, 35 пайызга жетти. Ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү, тескерисинче, 1,3 пайызга кыскарып, 51,3 пайызды түзгөнү айтылды.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан