23-июлда Экономика министрлигинин коллегиялык жыйыны өтөт. Министрликтен кабарлашкандай, жыйында төмөнкү маселелер каралат:
- 2015-жылдын январь-июнунда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы;
- Президенттин жарлыктарын, Жогорку Кеңештин токтомдорун, депутаттарынын сунуштарын, өкмөттүн ченемдик-укуктук актыларын, тапшырмаларын, жарандардын арыздарын жана министрликтин өзүнүн чечимдерин аткаруу боюнча 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы;
- ЕАЭБге кыргыз өлкөсүнүн кошулуусун эске алуу менен 2014-жыл жана 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн Кыргыз аккредитациялоо борборунун иши;
- 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын иши;
- ЕАЭБге Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында стандартташтыруу жана метрология борборунун иши.