Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көмүрдүн баалары боюнча тийиштүү органдарга тапшырма берди

Өкмөттүн 2015-жылдын 25-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” токтомун аткаруу үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги өзүнүн аймактык түзүмдөрүнө тапшырмаларды берди. Бул тууралуу 21-июлда аталган мекемеден билдиришти. Тапшырмалар төмөнкүдөй: 

- монополист ишканалардын тизмесине киргизилген көмүр казуучу ишканалардын көмүрүнө баалар республиканын ички рыногуна жана калкына көмүр берүү үчүн көмүр казуучу ишканалар берген эсептөөлөргө ылайык бекитилсин;

- күз-кыш мезгилин өткөрүү убагында бир айдын ичинде көмүр баалары 20 жана андан ашуун пайызга өскөн учурда алдын алуу чараларын кабыл алуу үчүн туруктуу негизде көмүр базарларында мониторинг жүргүзүлсүн;

- чекене соода чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишканалардын жана жеке ишкерлердин арасында көмүр баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн;

- күз-кыш мезгилдеринде апта сайын бул буйруктун аткарылышы боюнча маалымат берилсин. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан