АКШ элчилиги кыргыз өкмөтүнүн келишимди денонсациялоо чечимине карата билдирүү жасады

АКШнын кыргыз жериндеги элчилиги бүгүн, 22-июлда кыргыз өкмөтүнүн Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык келишимин денонсациялашына карата билдирүү жасады. 
"Биз 1993-жылкы эки тараптуу макулдашуудан чыгуу тууралуу кыргыз өкмөтүнүн билдирүүсүнө капабыз, анткени кыргыз өлкөсү менен биздин ортобузда көптөн берки терең жана эки тарапка тең пайдалуу мамиле бар. Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкөлөрдүн бири жана ошондон бери өнөктөш катары кыргыз өлкөсүндөгү демократиялык кайра жаралууну бекемдөө жана колдоо үчүн 2 миллиард долларлык жардам көрсөттүк. 
Кыргыз өкмөтү мындай чечимин "Адам укугун коргоочу" сыйлыгына карата тынчсыздануусу менен байланыштырды. Биздин пикирлер кайчылаш болуп жатат. Ушул маселеде дагы ошондой болду. Бирок көз караштардагы айырмачылыктар жөнүндө айтуу биздин мамилелерге дем берет",- деп билдирди элчилик.
Эскерте кетсек, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1993-жылдын 19-майында Вашингтондо кол коюлган көмөктөшүүнү жеңилдетүү боюнча кызматташтык келишиминен бир тараптуу чыгуу тууралуу токтомго 21-июлда премьер-министр Темир Сариев кол койду. Мындай кадамга АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын бериши себеп болду. 
Бул токтомго жана Кыргыз Республикасынын "Эл аралык келишимдер жөнүндө" мыйзамына ылайык, 2015-жылдын 20-августунан баштап кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы аталган келишим күчүн жоготот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан