Президент Алмазбек Атамбаев Темир Сариев менен кышка даярдык маселелерин талкуулады

Бүгүн, 22-июлда президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Темир Сариев менен энергетикалык сектордун кышка карата даярдыгы тууралуу маселелерди талкуулады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Премьер-министр мамлекет башчыга энергетикалык компаниялар даярдык көрүү мезгилинин негизги көрсөткүчтөрүн сактап жаткандыгы туурасында маалымат берди. Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо, башка энергетикалык кубаттуулуктарды даярдоо, электр тармактарын, газтранспорттук инфраструктуранын алдын алуу жана оңдоп-түзөө, ошондой эле энергетикалык объектилерге отун даярдоо белгиленген пландарга ылайык жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Токтогул суу сактагычына суу топтоо, жаңы кубаттуулуктардын курулушу боюнча иштердин абалы тууралуу маселелерге өзгөчө көңүл бөлүндү. Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи блогунун курулушун аяктоого кыргыз өлксүнө 100 миллион долларлык кредит бөлүү тууралуу Европа банкынан жакшы бүтүм келгендиги белгиленди.

Ага байланыштуу Атамбаев өкмөткө бул кредитти алыш үчүн бардык тиешелүү жол-жоболорду аяктап, кредитти рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга милдеттендирди. Ошону менен бирге кредит алынышы менен гидростанциянын курулушун даярдоого киришүү максатында жакынкы аралыкта ички каражаттардын эсебинен 50 миллион сом өлчөмүндө каражат таап, Камбар-Ата-2 ГЭСине даярдык көрүү иштерин баштоого тапшырма берди.

Президент калктын жана өлкө экономикасынын электр энергиясына, газга, жакшы сапаттагы көмүргө улам өсүп бара жаткан талаптарын үзгүлтүксүз жана ишенимдүү камсыз кылуунун маанисин дагы белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан