Данияр Тербишалиев: "Менин эч кандай түнкү клубум жок, шайлоо жакындаган сайын жөн жерден каралоо күчөдү"

Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Тербишалиев кызуу талкууланууда. Elvira аттуу интернет колдонуучу депутат Тербишалиев өзүнүн "Кремль" деген түнкү клубун кайтарган кызматкерлерге 500 миң сомдук карызын бир жылдан бери бербей жатканын жазды.  
Маалыматты тактоо үчүн депутатка кайрылдык. Данияр Тербишалиев бул маалымат 100 пайыз жалган экенин билдирди. 
"Биринчиден, менин эч кандай түнкү клубум жок. Болгон мүлкүмдүн баарын декларацияда көргөзгөм. Ооба, кафелердин биринде үлүшүм бар, бирок аталган түнкү клубга таптакыр тиешем жок. Бул түнкү клуб менин жакын тааныштарымдын бирине караштуу, иш-чаралар өткөн учурда 2-3 жолу ал жерге баргам. Экинчиден, шайлоо жакындаган сайын мени жөн жерден каралоо күчөдү. Мени "мыйзам бузду" дегендер айткандарын далилдеп, анда мени каматышсын. Жок жерден күнөөлөнө берген туура эмес да, коомчулук да жалган сөздөргө ишенип, "аа, бул депутат ушундай турбайбы..." деп калат",- деп билдирди Тербишалиев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан