Башкы прокуратура: "Чыныбай Турсунбековдун суракка чакырылганы же чакырылбаганы айтылбайт"

Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун пара менен кармалышы боюнча депутат Чыныбай Турсунбековдун суракка чакырылганы же чакырылбаганы белгисиз. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын өкүлү SUPER.KG`ге "Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн анын суракка алынганы же алынбаганы айтылбайт. Азырынча эч кандай маалымат берилбейт" деп билдирди.

Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин жолугушуусуна катышканы белгилүү болгон. Ал жолугушууда экс-мэрдин иши Жогорку Сотто каралганда жардамдашуу үчүн Түлеевдин жакындары менен соодалашуу болгону айтылууда.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Депутат Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Депутат Коркмазов учурда СИЗОдо.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева да жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда. Мындан тышкары бул чуулгандуу ишке катыштыгы бар делинип Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековдун да ысымы аталган. Маалыматтарга ылайык, Турганбеков азырынча суракка чакырыла элек. Башкы прокуратура аталган кылмышка катыштыгы бар делинген бардык адамдар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирүүдө.
Нарымбаев учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.
Бишкектин мурдагы мэри Н.Түлеевди эки инстанциядагы сот күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. Азыркы тапта кылмыш иши Жогорку Сотто каралууда. Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган. 2015-жылдын май айында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жерди мыйзамсыз сатуу кылмышы боюнча Нариман Түлеевге карата дагы бир кылмыш ишин ачкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан