Бүгүн, 23-июлда Башкы прокуратуранын алдына митингге чыккан активисттерди башкы прокурор Индира Жолдубаева кабыл алам деп чакыртып, бирок кабыл алган жок. Анын тийиштүү адамдарга активисттерди орун басары Кылычбек Токтогулов менен жолуктурууну тапшырганы айтылды. Бирок активисттер "коррупционер менен жолукпайбыз" деп, кайрадан имараттан сыртка чыгышты. Митинг уланууда.
Кошумчалай кетсек, активисттер Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан пара талап кылуу кылмышына байлыныштуу митингге чыгышкан. Алар президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин сотунун ачык өтүүсүн, анын 48 сааттан кийин боштондукка чыгарылбоосун талап кылышууда. Ошондой эле Түлеевдин жакындары менен Нарымбаевдин жолугушуусуна ЖКнын депутаты Чыныбай Турсунбековдун катышканын айтып, анын да камакка алынуусун талап кылып жатышат.