
Бишкекте улуттук жана региондор аралык кастыкты козутканга шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 7-июлда С. аттуу жаран Instagram социалдык тармагы аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер көтөрүлүп, жарандардын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген, улуттар аралык негизде кемсинткен сөздөр камтылган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу ) ылайык кылмыш иши козголду.
Анын алкагында 1987-жылы туулган Б.С аттуу жаран кармалып, бир айга камака алынды. Тергөө иштери улантылууда.