Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин автоунаа салыгын, 2-сентябрга чейин турак үйлөргө жана батирлерге салыкты жана жер салыгын (короо-жай жанындагы, бактуу, чарба жер тилкелери) төлөө зарыл. Бул тууралуу 23-июлда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салыктарды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн 2000 сом суммасында административдик айып салынары каралган.
Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт, анын ичинде салык кызматкерлери менен биргеликте транспорт боюнча, кыймылсыз мүлк боюнча үйлөрдү жана батирлердин ар бирин кыдыруу иштери уюштурулмакчы.