Чыныбай Турсунбеков: "Мен акмын, Түлеевдин кызынан пара талап кылууга таптакыр тиешем жок"

"Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовдун 100 миң доллар пара менен кармалышына менин таптакыр тиешем жок",- деп билдирди бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Депутат Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызы менен президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин бир жолку жолугушуусуна катышканын, анда соодалашуу тууралуу сөз болбогонун айтат. "Бир жолу кыска гана жолугушуусуна катышкам, анда Түлеевдин кызы атасынын ишин сотто мыйзамдуу кароо өтүнүчүн гана билдирген. Муну Данияр Нарымбаев деле айтып жатат. Башка сөз болгон эмес, дегеле мен катышкан жолугушууларда коррупция жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес. Бул иштин артында тургандардын максаты ишке ашпайт, анткени мен акмын",- деп билдирди Турсунбеков.
Айта кетсек, экс-мэрдин жакындарынан пара алып жатканда кармалган депутат Хажимурат Коркмазов учурда СИЗОдо, бул иштин башкы фигуранты аталып жаткан Данияр Нарымбаев УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан