“Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

“Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу 23-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алган. "Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө" мыйзам мамлекеттик саясаттын негизги жоболорун, ошондой эле салттуу билимдер жаатындагы укуктук, экономикалык жана социалдык кепилдиктерди жөнгө салат, мындан тышкары интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан