Бүгүн, 23-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда соода-экономикалык, саясий жана маданий-гуманитардык тармактарындагы кыргыз-түрк
кызматташтыгындагы маселелер, эки тараптуу мамилени кеңейтүү перспективалары талкууланды.
Мамлекет башчы сый-урмат жана бирин-бири колдоо Кыргыз Республикасы менен Түркиянын көп багыттуу кызматташтыгынын жемиштүү болушуна шарт түзөрүн белгиледи.