"Бул нускама Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда абадагы кыймылды тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартибин белгилейт.
1. Кыргыз Республикасынын коопсуздугунун кызыкчылыгында, Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда, абадагы кыймылды тейлөө жана Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин колдонуу тартибин, аба кемелеринин учуу коопсуздугун камсыздоону, ушул нускамада жазылган атайын жол-жоболорго ылайык, аскердик авиациянын абадагы кыймылды уюштуруу (АКУ) органы жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдар жана окуялар келип чыкканда жана өнүккөндө аскердик жана жарандык АКУ органдарынын абадагы кыймылды тейлөө чектери жана чөйрөлөрү белгиленет. Жарандык авиациянын АКУ органы абадагы кыймылды тейлөөнү жүзөгө ашырууда аба коридорлорунун (трассалардын), абадагы кыймылды тейлөө маршруттарынын чегинде, жарандык аэродромдордун районунда, АКУ аскердик органы – Кыргыз Республикасынын бүткүл аба мейкиндигинде бул иш-чараларды жүзөгө ашырат.
3. Бул нускаманын максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдардын жана окуялардын келип чыгуусуна жана өнүгүүсүнө аба чек арасын бузуу, аба мейкиндигин колдонуу тартибин бузуу, авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүү, аба кыймылын тейлөөнү бузууга байланышкан күтүлбөгөн жагдай учурлары, согуш аракеттери, машыгуулар, ракета учуруу, ок атуулар, жардыруу иштери, электромагниттик жана башка нурлануунун түрлөрү, учуу көрүнүшүн начарлаткан атмосферага башка заттарды чыгаруу кирет".