Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин айрым жоболорун “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамга шайкеш келтирүү, ошондой эле тексттердин мамлекеттик жана расмий тилдердеги редакцияларындагы дал келбестиктерди жоюу.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.