Бүгүн, 23-июлда бир катар активисттер Башкы прокуратуранын алдына чогулуп, президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин 2 айга камакка алынуусун талап кылган митинг өткөрүштү. Мындан тышкары КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков менен Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековду да камакка алуу керек деген талап коюшту. Чогулгандар "эгерде Нарымбаев үй камагына чыгарылса, Башкы прокуратуранын алдына боз үй тигип, ачкачылык жарыялайбыз" дешти. Уюштуруучулардын бири Мелис Аспеков бул коррупциялык ишке катыштыгы бар чиновниктердин баары жоопкерчиликке тартылуусу керек деген пикирде.
"Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеева алгач Жогорку Соттун төрайымынын орун басары Канатбек Турганбековго жолукканда ал Нарымбаевге баруусун айтканын жарыялады. Андан сырткары Нарымбаев өзү Түлеевдин кызын кабыл алууда Чыныбай Турсунбеков да бар болгонун айтты. Ошондуктан бул ишке аралашкандардын баары жоопкерчиликке тартылуусу керек. Ал эми Нарымбаев 48 саатка камалганы менен, эртең эле үй камагына чыгып кетиши мүмкүн. Ошон үчүн биз анын толугу менен жазага тартылышын каалайбыз. Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен жолугушуп, буларды айталы деген болчубуз. Бирок ал киши кабыл албай, орун басары Кылычбек Токтогулов менен жолуккула дептир. Биз аны менен жолугушуудан баш тарттык",- дейт Аспеков.
Кошумчалай кетсек, президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев кечээ, 22-июлда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Нарымбаевге Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылган. Ошол эле күнү Д.Нарымбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылып, депутат Хажимурат Коркмазов менен беттештирилди. Анда Коркмазов Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар суратканын Нарымбаевдин бетине айтты.