Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 23-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты ишмердүүлүгү чектелген коомдордо Директорлор кеңештерин түзүү үчүн укуктук негиз түзүү болуп саналат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.