Саясий жана мамлекеттик кызматкерлер туугандарынын да кирешелерин декларациялоого милдеттендирилишти

Алмазбек Атамбаев “Саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын, ошондой эле алардын жакын туугандарынын кирешелери, милдеттенмелери жана мүлкү жөнүндө маалыматтарды декларациялоо тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө документке кол койду. Бул тууралуу 23-июлда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алынган. Мыйзамга киргизилген  түзөтүүлөрдө өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлери, республикалык маанидеги шаардык кеңештердин төрагалары, облустук маанидеги шаардык кеңештердин төрагалары, облустук маанидеги жана райондук маанидеги шаарлардын, райондордун мэрлерине дагы мыйзамдын аракеттери тиешелүү экендиги каралат.

Мыйзамда мындан тышкары саясий жана башка атайын мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган адамдардын жана алардын жакын туугандарынын кирешелери, чыгашалары, милдеттенмелери жана мүлкү тууралуу маалыматтарды камтыган декларацияны тапшыруу боюнча милдеттери белгиленет. Кирешелерди жана чыгашаларды декларациялоодон тышкары декларант кирешелерди табуунун булагын көрсөтүүгө милдеттендирет. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан