Президент: "Нарымбаев күнөөлүү болсо, жазасын алышы керек"

Президент Алмазбек Атамбаев коррупция менен күрөшүүдө эч кимди аябай турганын басма сөз катчысы Жанар Акаев 23-июлда SUPER.KG'ге билдирди. Президент Атамбаев эгерде Данияр Нарымбаев пара алууга күнөөлүү болсо, жазасын алышы керектигин айтканын кошумчалады. "Өлкө башчы ошондой эле коррупция менен болгон күрөштө өзүнүн жакындарын жана жанында жүргөн адамдарды да аябай турганын айтты",- деди Акаев.

Айта кетсек, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна 48 саатка камакка алынды.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. Депутат Коркмазов президенттик аппараттын ошол кездеги жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып Н.Түлеевдин жакындарынан 200 миң доллар сураганы аныкталган. Бул акча Түлеевге караштуу мүлктөрдүн конфискацияланышын Жогорку Сотто оң тарабына чечип берүү үчүн суралган. Данияр Нарымбаев депутат Коркмазов аркылуу 7-майда Түлеевдин жакындарынан 50 миң доллар алганы да белгилүү болгон. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан