Каржы министрлиги: Быйыл жергиликтүү бийликтин 135 кошумча долбоору дем берүүчү гранттардан каржыланат

2015-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизилгенине байланыштуу 2015-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кошумча 135 долбоору дем берүүчү гранттардын эсебинен ишке ашат. Бул тууралуу 23-июлда Каржы министрлигинен билдиришти. Жалпысынан долбоорлорду каржылоого 2015-жылдын такталган бюджетинде 330 миллион сом каралган.

Дем берүүчү гранттар – бюджеттик каражаттарды, приоритеттүү программалар жана долбоорлор боюнча каражаттарды натыйжалуу коротууга жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүүгө жана кирешелердин жергиликтүү булактарын толугураак мобилизациялоого дем берүү максаттарында республикалык бюджеттен өз алдынча башкаруу органдарына берилүүчү трансферттер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан