Премьер-министр кыргыз жеринде өстүрүлгөн төө буурчактын басымдуу бөлүгү Түркияга экспорттолгонун билдирип, бирок 2014-жылдан тарта төө буурчакка бажы төлөмдөрү жогорулатылганына байланыштуу аны экспорттоо пайдасыз болуп калганын маалымдады. Буга байланыштуу Темир Сариев Түркия Республикасынын өкмөтү бул маселеге көңүл буруп, аны оңдуу чечип берерине ишеним билдирди.
Өкмөт башчы ошондой эле түрк ишкерлери өз каражаттарын Кыргыз Республикасынын энергетика, тоо-кен өндүрүү тармактарына инвестициялай ала тургандыгы тууралуу маалымдады.
Өз кезегинде Мевлюд Чавушоглу жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз өлкөсүнө алгачкы ирет сапар жасап жатканын айтты. “Мен биздин өлкөлөр аралык кызматташтыктын чыңдалышына колдон келген аракетти жасайм. Жолугушууда көтөрүлгөн маселелердин бардыгы Түркия жетекчилигине толугу менен маалымдалат. Биздин өлкө кыргыз өлкөсүнүн жарандарын колдоого алууга даяр жана биз жемиштүү кызматташууга ишеним билдиребиз”,- деди Чавушоглу.