Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Аба катнашы жөнүндө" макулдашуу ратификацияланды

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2014-жылдын 2-декабрында Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабия Падышалыгынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Аба катнашы жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 24-июлда президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 17-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Сауд Арабиясы тарапка кабарлоо тапшырмасы берилди.

Мыйзам расмий жарыялангандан тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан