Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов бүгүн, 24-июлда БУУнун Качкындардын иштери боюнча жогорку комиссар башкармалыгынын өкүлчүлүк башчысы Маки Шинохара менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, тараптар качкындардын иши, жарандыгы жок адамдардын санын кыскартуу, аталган башкармалыктын программа жана долбоорлорунун алкагында миграция көйгөйлөрүн чечүү боюнча Кыргыз Республикасы менен аталган уюмдун ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты.
Соңунда эки тарапка пайдалуу шартта кызматташтыкты улантууну макулдашты. Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасы БУУнун "Качкындардын статусу жөнүндө" конвенциясына 1996-жылы кошулган.