Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду

Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусун камсыздаган келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Тиешелүү документти Беларустун Тышкы иштер министрлиги аталган биримдиктин комиссиясына жөнөткөнүн, бүгүн, 24-июлда аталган министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулуу боюнча бардык ички процедураларды 22-майда аяктаган. 13-июлда Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин аталган мыйзамга кол койгон. Эми бул мыйзамга Казакстандын жана Армениянын президенттери кол коюулары керек.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин парламенттери келишимди жана бир катар протоколдорду ратификациялап, аларга президенттери кол койгондон кийин Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук кандуу мүчө болот. Маалыматка таянсак, өлкөнүн ЕАЭБге кошулуу процессинде уюмга мүчө башка мамлекеттер тарабынан жасалчу документ иштери толук бүтө элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан