Экономикалык кызматташтык уюмунун "Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө" макулдашуунун беренелери ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “1995-жылдын 15-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Экономикалык кызматташтык уюмунун "Соода жана өнүктүрүү банкы жөнүндө" макулдашуунун беренелерин ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Экономикалык кызматташтык уюмунун катчылыгына ратификациялоо жөнүндө грамотаны депонирлөөгө милдеттендирилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан