Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин башчысы кызматына Абдужалил Юнусов дайындалды. Тиешелүү жарлыкка борбор калаанын мэри Кубанычбек Кулматов кол койгонун бүгүн, 24-июлда мэриянын басма сөз кызматы жарыялады.
Айта кетсек, буга чейин бул кызматты Шейшенкул Бакиров аркалап келген. Ал жакында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы кызматына премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен дайындалган.
Абдужалил Юнусов 1953-жылдын 4-декабрында Талас облусунун Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылында туулган. Ал дзюдо күрөшү боюнча Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын 3 жолку чемпиону.