Темир Сариев: "Жол-кайгуул кызматынын жетекчилигинин жетишсиз аракетинен улам президент абалга кийлигишүүгө мажбур болууда"

Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө коллегиясынын жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев ички иштер министри Мелис Турганбаевге 10 күндүк мөөнөттө Жол-кайгуул кызматын реформалоо боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүү тапшырмасын берди. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Сариев өлкөдө жол коопсуздугу боюнча кырдаал курч бойдон калууда. Ошондой эле ал жол кырсыгы боюнча орун алып жаткан динамика бул багыттагы таасирдүү аракеттин жана координациялык саясаттын жоктугунан кабар берерин белгиледи. Буга байланыштуу премьер-министр жолдогу тартипти тезинен ордуна коюп, тийиштүү чараларды көрүүнү ИИМ министрине тапшырды. 
“ЖКК кызматкерлеринин орой мамиле кылган аракеттери тууралуу жана алардын коррупциялык айыбын ачкан даттануулар көбөйүүдө. Буга жакында эле айдоочудан опузалап пара талап кылган окуя мисал боло алат. Мындай абалды тезинен өзгөртүү зарыл. ЖКК жетекчилигинин жетишсиз аракетинен улам өлкө президенти абалга кийлигишүүгө мажбур болууда”,- деди ал.

Буга байланыштуу ЖКК жетекчилерине тез арада абалды оңдоо тапшырмасы коюлду.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан