Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Орусияда өкүлчүлүгү ачылат

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Орусияда өкүлчүлүгүн ачуу сунушталууда. Буга байланышкан долбоор министрлик тарабынан иштелип чыгып, кол коюу астында турганын мекеменин маалымат кызматы 24-июлда кабарлады. 

Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо милдети, өкмөттүн 2013-жылдын 5-мартындагы токтомуна ылайык, Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн. Бирок Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги мигранттардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү максатында Орусияда өзүнүн өкүлчүлүгүн ачууну сунуш кылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан