"Күздө болчу парламенттик шайлоодо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү саясатка кийлигишүүгө аракет кылышат, мындай көрүнүшкө жол берилбеши кажет". Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Ички иштер министрлигинин Ысык-Көл облусунда өткөн көчмө жумушчу коллегиясынын учурунда билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
Анын айтымында, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш тийиштүү деңгээлде жүргүзүлбөй жатат. Буга байланыштуу жарандар криминалдын кол салуусунан өздөрүн коопсуз сезбей жатышат. Өкмөт башчы учурда уюшкан кылмыштуу топ өлкөдөгү экономикалык процесстерге гана эмес, социалдык-саясий жараяндарга кийлигишүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди.
“Былтыр уюшкан кылмыштуу топтун 62 мүчөсү кармалып, бирок алардын жарымынан азы гана реалдуу жаза мөөнөтүн алган, калганы шарттуу түрдө кесилген.
Буга чейин туристтик сезон учурунда ушундай топторго каршы чараларды күчөтүү тапшырмасы коюлган. Ага карабастан, учурда айрым пансионат жетекчилери тараптан мындай маанидеги даттануулар түшүүдө",- деди ал.
Мындан тышкары премьер-министр мектеп рэкетчилиги көйгөйү өлкөдөгү криминалдык идеологиянын кеңири таралышынын кесепети болуп жатканын эскертти.