Баткенде 24-июлда "Бөгөт-2015" аталышында аскердик машыгуу өттү. Машыгууга Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын атайын даярдыктагы аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери катышты.
"Кыргыз мамлекети менен Тажикстандын жоокерлери мыйзамсыз куралданган топтуу курчоого алуу, жок кылуу боюнча даярдыктарын, өнөрлөрүн иш жүзүндө көрсөтүштү. Программа чек ара аймагындагы реалдуу кырдаалга жакын түзүлгөн. Атайын багыттагы жоокерлер КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын заманбап аскердик атайын техникаларын, куралдарын, учактарын колдонушту",- деп билдирет Мамлекеттик чек ара кызматы.