Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында өрт кырсыгынан жабыркаган 2 үй-бүлөгө бардык шарттары менен курулган эки үй берилди. Бул тууралуу атайын кызматтын башчысынын жардамчысы билдирди.
Маалым болгондой, бул үй-бүлөлөр президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылышып, 10 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп берилди. Жаңы үйлөрдүн ачкычын Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшыргандыгы белгилүү болду.
Бир үйдөн чыккан тилсиз жоо экинчи үйдү заматта жалмап, алар 2024-жылдын 20-октябрында үйсүз калышкан болчу.