“Ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган. Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөө тартибин жана шарттарын өркүндөтүү болуп саналат.

Бул максатта “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга төмөндөгүдөй түзөтүүлөр киргизилди:

1) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин тартиптик жоопкерчилиги жана аларга дем берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик жобосу менен жөнгө салынат;

2) ички иштер органдарынын окуу жайларындагы окутуучулук кызмат орундарын ээлеп турган, илимий наамы барлар кызматта 60 жашка чейин иштөөгө акылуу;

3) "ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызматта туруу курагынын чеги 5 жылга чейин узартылышы мүмкүн" деген ченем алынып салынат;

4) ички иштер органдарынын кызматкерлеринин антынын тексти бекитилет;

5) кызматтык ишмердикти ишке ашырып жатып ички иштер органдарынын кызматкери курман болгон учурда каза болгон адамдын үй-бүлөсүнө же анын багуусундагыларга багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу пенсия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан