20 жаштагы кыздын бөйрөгүнөн 300дөн ашык таш алынды

Тайванда дарыгерлер 20 жаштагы кыздын бөйрөгүнөн 300дөн ашык таш алышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, ал бир жыл бою суу ичкен эмес. Анын ордуна күнүгө бабл чай, шириндик суулары жана спирт ичимдиктерин ичкен. Кыздын дене табы көтөрүлүп, бели катуу ооруп, ооруканага кайрылган. УЗИ бөйрөктөгү 5 милиметрден 2 сантиметрге чейинки жүздөгөн таштарды көрсөткөн. Аларды алып салуу үчүн дарыгерлер операция жасашкан.

Дарыгерлер бөйрөктө таш пайда болуу коркунучу өзгөчө жаз жана жай айларында, суусуздануу ыктымалдыгы күчөгөндө жогору болорун эскертишет. Сууну таттуу жана газдалган суусундуктар менен алмаштыруу болбойт, анткени туздар кристаллдаша баштайт, бул таштардын пайда болушуна алып келет.

Дарыгерлер мындай кесепеттерден качуу үчүн ысык аба ырайында үзгүлтүксүз сууну жетиштүү ичүүнү сунушташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан