Президент чет өлкөдө куралдуу согуштарга катышкан кыргыз мамлекетинин жарандарына чара көрүүгө багытталган мыйзамга кол койду

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди. Президент Алмазбек Атамбаев буга тиешелүү “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга 24-июлда кол койгонун президенттик аппараттан билдиришти. 

Коомдук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Бул максатта Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине төмөндөгүдөй түзөтүүлөр киргизилди:

- террорчулук же экстремисттик мүнөздөгү кылмыштарды жасоого тарткандыгы же аларды жасоого көмөктөшкөндүгү үчүн, ошондой эле жалданмачылык үчүн жоопкерчиликти караган 226-2 жана 375- беренелеринин жоболору өркүндөтүлдү; 

- жаңы 226-4-беренени киргизүү менен Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылыштарга же согуш аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өткөндүгү үчүн кылмыш жоопкерчилиги белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан