Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 25-июлда орусиялык "РусГидро" компаниясынын башчысы Евгений Додду кабыл алды. Жолугушууда президентке Жогорку Нарын ГЭС каскадындагы курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилгенин бүгүн, 27-июлда президенттик аппараттан билдиришти.
Евгений Дод ГЭС каскадынын курулушу өзү жетектеген компаниянын каражатынын эсебинен жүрүп жатканын билдирди.
"Азыркы кырдаал тууралуу сизге маалымат берүү мен үчүн маанилүү. Бөлүнгөн каражатка кошумча быйыл дагы 1 миллиард рубль бөлүү чечими кабыл алынды. Курулуш иштерин толук кандуу улантууну күтүүдөбүз. Сизге жана Владимир Владимировичке (ред. В.Путин) маалымдалган мөөнөттө алгачкы эки станция боюнча иштер бүтөт. Курулуш иштери башында айтылган мөөнөттө бүтөрүнө ишенем",- деди Дод.
Алмазбек Атамбаев курулушту өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү маанилүү экенин белгиледи.