Премьер-министр Темир Сариев салттуу исламды жана аны тутунгандарды колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдиргенин 30-июлда өкмөттөн кабарлашты. Анын билдиришинче, Сариев исламга каршы эмес.
"Премьер-министр айрым адамдар исламды жамынуу менен бизге - кыргыз элине жат келген салт-санаа, үрп-адат жана кийим-кечени таңуулап жатышканын айткан. Муну менен катар Темир Сариев динге жамынып диний-экстремисттик аракет жүргүзгөн уюмдардын катарына кошулуп кеткен жаштарга байланыштуу чочулоосун билдирген",- деди Абдырахман Маматалиев.
Буга байланыштуу Темир Сариев окумуштуулар жана диний ишмерлерди эл арасында салттуу исламдын баалуулуктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырганын вице-премьер-министр кошумчалады.
Ошондой эле Маматалиев кыргыздардын улуттук кийимдери элибиздин маданиятынын негизги бөлүгү болгонун белгилеп, анын кылымдардан бери сакталып келген салт-саанасы, үрп-адаты менен бирдей мааниге ээ экенин билдирди. Бул кийим маданияты климаттык шарттарга гана байланыштуу эмес, кыргыздардын жашоо образына айкалышып калыптанган.
“Биз баарыбыз өз тарыхыбыз, салт-санаабыз жана маданиятыбызды унутпай, барктап-баалашыбыз керек”,-деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, Сариев 24-июлда Чолпон-Ата шаарында Ички иштер министрлигинин жыйынында хиджаб менен паранжы кийүүгө каршы пикирин айткан. Ал хиджаб жана паранжы кийгенди токтотуу керектигин баса белгилеген. "Биздин өлкө жаңыдан бутуна туруп жатат, биз экстремисттик күчтөр менен күрөшө албайбыз. Алар кыргыз жеринде гана эмес, бүткүл өлкөдө күч жыйнап алышты. Алар башка салтты мажбурлап жатышат. Биздин өзүбүздүн салтыбыз бар. Хиджаб жана паранжы кийүүнү токтотуу керек",- деп билдирген эле.