“Сугат жерлерин башка категорияга которууга мораторий киргизүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо кирди

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “Сугат-айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамда чакан электроэнергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды, 110 киловаттан 500 киловаттка чейинки жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларын, 110 киловаттан 500 киловаттка чейинки көмөк чордондорду, газ түтүктөрүн жана алардын курулмаларын куруу үчүн сугат-айдоо жерлерин которууга (трансформациялоого) мораторий иштебей турганы каралган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан