Папан айыл өкмөтүнө караштуу 9 калктуу конуш айыл категориясына киргизилди

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн бир катар калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Документти парламент быйыл 25-июнда кабыл алган. Мыйзам калк жыш жайгашкан тилкелерди өнүктүрүү үчүн аймактык-административдик түзүлүштү иретке келтирүүгө багытталган. Төмөнкү калктуу конуштар айылдардын тизмесине кошулду:
Ак-Буура-1, Ак-Буура-2, Ак-Буура-3, Ак-Буура-4, Камыр-Суу, Жар-Башы, Чычкан-Кол, Андагул, Жаңы-Турмуш. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күндөн кийин күчүнө кирет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан