2016-2018-жылдарга бюджеттин долбоорунун киреше бөлүгү боюнча эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун эсепке алуу менен жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта министрлик Мамлекеттик кирешелерди пландоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Каныбек Ганыевге шилтеме берүү менен билдирди. Анын айтымында, 2016-жылга мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешелери 131,8 миллиард сомго пландалууда, кирешелер 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 6 миллиард сомго көбөйөт.
"Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун эсепке алганда, кыйыр салыктарды жыйноо Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлө баштайт. Ошондуктан бюджет долбоорунда Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 14,5 миллиард сомго көбөйүү менен 69,2 миллиард сомду түзөт, ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын салыктык кирешелери 2,8 миллиард сомго азаюу менен 29,9 миллиард сомду түзөт”,- деп билдирди Ганыев.